Алып баруучу, актриса Назира Бердигулова балдар үйүндө тарбияланган жүздөй баланы муз аянтчасына алып чыкты

Алып баруучу, актриса Назира Бердигулова Военно-Антоновка айылында жайгашкан Балдар үйүндө тарбияланган 111 балага бир күндүк эс алуу тартуулады. Бишкек шаарындагы муз аянтчалардын биринде өткөн кайрымдуулук иш-чарасына бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталы дагы күбө болуп кайтты.

"Мындай иш-чараны 2014-жылдан бери өткөрүп келе жатам. Балдар үйүндө тарбиялангандар сыртка чыгышпайт. Анткени айрымдары томолой жетим. Ошондуктан көӊүлү жарды балдардын маанайын көтөрүп, аларга эс алуу тартуулагым келди. Буюрса, алдыда пландар көп", - дейт Назира Бердигулова.

Ал эми Балдар үйүнүн директору Аскар Масылов: "Балдар үйүндө учурда 111 бала, 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар тарбияланат. Назира Бердигулова уюштурган бүгүнкү иш-чарага балдардын бардыгын алып келдик. Ушундай жакшы саамалыктар көп болсун", - деп ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Baatirbek81
2018-01-25 22:40:14
Кичине койотуруп чыгарса болмок күн суук болуп жатат жакшы эле.ошентсе деле Алла ыразы болсун.
+9
myrzaym
2018-01-25 23:25:54
Алла ыраазы болсун
+9
ainur78007
2018-01-25 23:31:23
Тез татым даярдагандарды да ушул идеянызга тартпапсызда.Бирден гамбургер жеп жыргашмак экен.Спонсорлордон кобуроок тартсаныз же интернеттен билдируу таркатсаныз жардам бермекпиз,колдон келишинче.
+2
Ayida
2018-01-26 01:06:52
Назира Аллах ыраазы болсун! Бейиште жырга жетим балдарга суйунуч тартууласан сагада Аллахым суйунучторду тартууласын!
+5
bema_bema
2018-01-26 01:11:17
Жакшы колумда болсо мен дагы суйунткум келет
+5
Elitta
2018-01-26 02:32:57
Назиранын сооп иш кылганы жакшыго бирок,Элге мактанып жарыя кылганы соопко жатпай калат жакшылык кылсан мынаминтип жатам деп жарыя кылыштын кереги жок!
0
sely
2018-01-26 02:53:43
Elitta,торт жылдан бери кылат экен юалким быйыл ушундай абал болгондур. Кантсе да Азама.
+5
nazira...
2018-01-26 08:39:58
Жанындагы аял Гулипа Керимбаевавы?
0
asdef
2018-01-26 09:24:10
Директор Назираны урушуп жаткандай болуп калыптыр)))
-1
Nurmatova.
2018-01-26 09:37:44
Али деген бала ар жерде журо берет экенда)
Хабиб келгендеги суроттордон Хабибдин жанында жургонун кордум эле)
-1
nur007mir009kg
2018-01-26 09:58:22
Алла ыраазы болсун сенден Назира. Мекенибизде ушундай камкор, боорукер адамдар көбөйө берсин.
+1
raykray
2018-01-26 12:29:23
Пенде раазы болбосо койсун,чукулап кемчилигин издейберсин,кун суук эле инэернетке не чыгардын деп!!! Бирок сенден Аллах раазы болсун! Коп-коп кылган жакшы иштеринди интернетке чыгарабер сени сени коруп сендей болуп башкаларда кайрымдуулуккка отсун
0
betatek-2011
2018-01-26 13:31:28
raykray,+++++++++++++++++++++++++++
0
dina
2018-01-26 12:37:05
Аман эсен ойноп кулуп кетишсин.
+1
Azatbek83
2018-01-26 14:15:52
Бироого жардам бериш керек бирок Аны коомчулукка таратпай эле.Макул алардын суйунуп ойноп конулдору которулгонун чыгарып корсотсун .Спонсор белгисиз бойунча аты жону чыкпай озу корунбосо мындан да кооп сооп болсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан