Орусияда медайымдар бейтапты гаражга таштап кетишкен

Сочидеги №4-оорукананын эки медайымы майыптар арабасында отурган бейтапты гаражга алып барып ал жерге таштап коюшкан. Жергиликтүү маалымат каражаттарында жазылгандай, алардын бул жоругу көзөмөл камерага жазылып калган.

Медайымдар кызматтык териштирүү башталганда бейтап өзү алардан ошол жерге жеткирип коюуну суранганын айтышкан. "Ал досу менен жолуга турганын айтты. Бизге гараждын жанында досум күтүп турат дегенинен арабасын ошол жерге токтотуп койгонбуз", - дешкен медайымдар.

Айрым маалымат булактарында алар медайымдар эмес, санитарлар деп жазылып, алар бейтапка "керегиң жок" деп айтышканы маалымдалган. Андан кийин бейтапты полиция байкап калып, "Тез жардам" кызматын чакырган. Алар аны кайрадан ооруканага жеткиришкен.

"Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын чечими менен медициналык мекеменин бул 2 кызматкери жумуштан бошотулган. Аталган мекемеден бейтап медициналык жардам же дарылануудан баш тартууга укугу бар. Бирок мындай жол менен эмес, баары макулдашуулар менен жазуу жүзүндө толтурулушу керек болчу. Учурда бөлүм башчыга карата кызматтык иликтөөлөр улантылууда деп түшүндүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2018-01-26 10:58:08
Тирүү адамды керексиз буюмдай таштаган деңгээлге жетиппиз да адамдар.Эххх кудайым бирөөгө кор кылбасын экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан