Президент кирешеге салыктарды төлөөдөн четтөөнүн алдын алууга багытталган мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков "2017-жылдын 10-апрелинде Таллин шаарында кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Эстониянын өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыктарды төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

"Кош салык салуудан качуу жөнүндө эл аралык макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиге ээ болгон экинчи мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу тараптын ар биринин укугун чектөөнүн эрежесин аныктайт. Ошол эле учурда бул жоболорду ишке ашыруунун ыкмалары салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт. Мындан тышкары бул макулдашуу биринчи мамлекеттин резидентин экинчи мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргойт. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу салык салуудан качууга же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт", - деп жазылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан