Жогорку Кеңеште мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган ратификациялык мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 25-январда Жогорку Кеңеште мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган ратификациялык мыйзам долбоору жактырылды.

"2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады. Анын айтымында, аталган долбоордун максаты жайыт комитеттеринин кирешелеринин өсүшүнө жана жайыттарды натыйжалуу башкарууну жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

"Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду тарабынан берилүүчү насыянын суммасы 12 миллион 7 миң доллар. Ал эми гранттык суммасы 12 миллион 7 миң доллар. Насыяны төлөө мөөнөтү 40 жыл. Жеңилдетүү мезгили 10 жыл, пайыздык коюму жылына 0,75 пайыз. Долбоордун алкагында 200 жумушчу орун түзүлмөкчү”, - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан