Сузак районунун Орток айылында жер көчкү сүрүлүүдө. Кооптуу аймакта жашаган бир үй-бүлө көчүрүлдү

Сузак районунун Орток айылында жер көчкү сүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 08:00 чамасында Көл-Камыш тилкесинде көлөмү болжол менен 120 миң метр кубду түзгөн жер көчкү сүрүлүп баштаганы байкалган. Мындан улам 3 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

"Үч турак жайдын ээлери мурда эле мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерин алышкан. Анын ичинен экөө коопсуз жайга көчүп кетишкен. Бирок эски үйлөрүн бузушкан эмес. Ал эми бир турак үйдүн ээси коопсуз жайга көчкөн эмес. 25-январь күнү Сузак райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан бир турак үйдүн ээси мал жандыктары менен кошо тууганынын үйүнө көчүрүлдү", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Андан сырткары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Сузак районунун Орток айылынын жергиликтүү тургундары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, азыркы убакытта Орток айылында жашаган 33 үй-бүлөгө (255 адам) эскертүү берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан