Жээнбеков бала кезинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөн ардагер менен жолукту (фото)

Президент Сооронбай Жээнбеков "Ленинград блокадачылар кыргыз коому" коомдук уюмунун төрайымы Анна Кутанова жана уюмдун мүчөсү Шамил Мухамеджанов менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков Ленинградды коргоо Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын маанилүү барактары экенин белгиледи. Ал аталган уюмдун активдүү коомдук иш алып барганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өлкө башчы уюмга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

"Ленинград блокадачылар кыргыз коомунун" төрайымы уюмдун ишмердүүлүгү, Ленинград шаарын фашисттик блокададан бошотуу күнүнө карата иш-чара уюштуруп жатканы тууралуу айтып берди.

Шамил Мухамеджанов бала кезинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөнүн, Ысык-Көл облусундагы балдар үйүндө тарбияланганын, өлкө үчүн иштеп келгенин айтты.

Президент ардагерлерге ден соолук, бардык жакшылыктарды каалап, баалуу белектерди тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2018-01-26 12:00:56
Татыктуу президент! Атамбаевди сагындым....
-10
ekaterinburg
2018-01-26 12:26:58
Ali-han,ачыгын эле айтып салыпсын ээ?
-3
Batma08
2018-01-26 12:59:09
Ali-han,бичара кыйын болуптурго сага
-1
salimbek87.kg
2018-01-26 13:10:35
Ali-han,кой андай дебе жакында
күйөрмандарым мени сагыныптыр деп
"Сагындым" деген ыр чыгарып салбасын
шашпасаң жакында келет КСДПнын лидери
болуп.
+6
Azatbek83
2018-01-26 12:45:21
атамбаеВ деле бул деле азырынча айырмасы жок оздорун суйундуруп журот.аша нын кочун уласа эч кандай жылыш болбойт!Анан эле озу башы менен иштеп эле калбаса аганын буйругун аткарбай койсо онуксок керек!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан