Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин кичүү кызы Катерина Тихонова жолдошу, бизнесмен жана миллиардер Кирилл Шамалов менен 5 жыл чогуу жашаган соң ажырашып кетти. Бул тууралуу америкалык Bloomberg басылмасы жазып чыкты.
"Бул маалыматты 1 эмес, 4 адам тастыктады. Алардын айтымында, Шамалов менен Тихонованын үй-бүлөсү урады", - деп жазылган анда. Ажырашуунун себеби азырынча белгисиз.
Белгилүү болгондой, Кирилл Шамалов - Путиндин досу, "Россия" банкынын компаньону Николай Шамаловдун уулу. Орус маалымат булактарынын жазганына таянсак, түгөйлөрдүн үлпөт тою 2013-жылы шаан-шөкөт менен өткөн. Анда күзөтчүлөр катары менен тизилип, чоочун инсандарды жакын жолотушкан эмес.