Бүгүн, 26-январдан тартып, суукка байланыштуу Кыргыз тарап Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын пиар эксперти Аман Калбеков билдирди.
"Келишимдеги шарттарга ылайык, эгер өлкөдө ички керектөө өссө, электр энергиясын экспорттоону бир канча убакытка чейин токтотобуз. Азыр суук болгондо нормадан ашыкча энергия керектелет. Экспорт бүгүндөн баштап токтотулду. Экспортту кайра жандандыруу маселеси аба ырайына көз каранды болгондуктан канча убакытка чейин созуларын айта албайбыз. Эске алуучу жагдай, бизде электр энергиясында тартыштык жок, аба ырайына байланыштуу эле запас камдап турабыз", - деди Калбеков.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга 550 миллион киловатт электр энергиясын экспорттоо боюнча келишим түзгөн.