"Кыргызалтын": "Өлкөдө тоо-кен техникаларын жана жабдууларын оңдоп-түздөй турган тейлөө кызматы ишке кирди"

Бүгүн, 26-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында тоо-кен техникаларын жана жабдууларын тейлөөчү борбор ачылды. Борбор “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы менен америкалык ири машина куруучу корпорациянын жардамында колго алынган. Бул тууралуу "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Тейлөө борбор “Кыргызалтын” ААКсынын “Автоунаалар” ишканасы филиалынын аймагында жайгашкан. Борбор техникалык тейлөө боюнча дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берет жана азыркы учурда өлкө аймагында жалгыз ушундай тейлөө борбору болуп саналат. Өлкөбүздүн бардык тоо-кен өнөр жай ишканалары бардык тоо кен техникаларын өлкөдөн сыртка чыкпай туруп, кыска мөөнөттүн ичинде сапаттуу оңдотууга мүмкүндүк алышат.

Бул борбордун курулушу келечекте дагы башка жумуштарды кеңейтүүгө чоң үмүт арттырат. Мындай тейлөө борборун ачуу экономикалык жактан абдан пайдалуу. Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджетине миллиондогон сом салыктар түшөт. Мындан сырткары базада 40тан ашык Кыргыз жарандары иштеп жатышат, алардын ичинен 10 адис атайын чет өлкөдөн окуудан өтүп келишкен. Кызматкерлер чоң техникаларды өзгөчө профессионалдуу оңдоого үйрөнүштү. Бул жерде иштөө жана жашоо үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөн", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belekus
2018-01-31 21:11:58
илгериле ачышса болмок
0
dysha
2018-01-31 21:18:10
азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан