КСДП фракциясынан сегиз депутат жана “Ата Мекен” фракциясынан бир катар эл өкүлдөрү “Чыңгыз Айтматов” орденин уюштурууну демилгелөөдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар: Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмил Токтошев жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев “Чыңгыз Айтматов” медалын уюштурууну демилгелеп чыгышкан.
"Бирок жазуучунун маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство тармагындагы жасаган зор эмгегин, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы руханий байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен, КСДП жана “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар сыйлыктын статусун көтөрүп, орден уюштуруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштоо тууралуу бир пикирге келишкен", - деп айтылат маалыматта.