"Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны тууганымды сүзүп кетип ал каза болду. Анын денесин алып келгенге акча каражаты жетишпей жатат", - дейт Ош облусунун тургуну Гүлнара Пазилова.
Анын айтуусуна караганда, 11-январда Москвадагы бала бакчалардын биринде короо шыпырып иштеген тууганы Бекташ Рахмановду жана аны менен чогуу бара жаткан дагы бир кыргыз аялды Токтогул районунун тургуну сүзүп кеткен.
"Тууганым менен чогуу бара жаткан алайлык эже ошол жерден жан берип, тууганым 13 күн комада жатып кечээ, 25-январда каза болду. Анын ата-энесинин деле каражаттары чектелүү, болгон каражатын уулу кырсыкка учурагандан кийин дары-дармектерине жумшашты. Анын аркасында 3 баласы жетим калды", - дейт Гүлнара.
Андан сырткары ал Бекташты сүзүп кеткен адамдын жакындары алар менен байланышпай жатканын, сөөгүн алып кетүүгө каражат жагынан жардам бергиле дешсе баш тартып койгонун айтты.
"Сүзүп кеткен токтогулдук 1993-жылы төрөлгөн жаран экен. Биз анын үстүнөн арыз деле жазбай эле коёлу дегенбиз. Эки Кыргыз унаага сүзүлүп үйүнө сөөгү барса, бир кыргыз камакта жатса андан кимге пайда деп, бирок анын жакындары бир да жолу байланышып, ооруканада жаткан Бекташтын ал-абалын сурап коюшкан жок. Ага деле мейли деп сөөгүн алып кеткенге каржы жагынан жардамдашкыла десек, андан да баш тартып жатат. Жардам болобу деп элчиликке кайрылсак, алар да жардам бере алышпасын айтышты", - дейт Гүлнара Пазилова.
Ал эми бул окуя боюнча Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылганыбызда, алар акча түрүндө элчилик жардам бере албасын, бирок кат жазып Орусиядагы өлүк сактаган жайдын баасын арзандатып бере ала турганын айтышты.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн таежеси Гүлнаранын телефон номери: 89251173285