Аламүдүн районундагы Биримдик жаңы конушунун 16 жаштагы Ширин аттуу тургуну 20-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. Ширин 24-январь күнү кечинде Көк-Жар айылындагы жигитинин үйүнөн табылганын SUPER.KG'ге Аламүдүн РИИБинен кабарлашты.
Маалым болгондой, 1998-жылы туулган Эрмек аттуу жигити экөө үйлөнөбүз деп 4 күн бою достору менен жүрө беришкен.
"24-январь күнү кечинде Эрмек Ширинди ээрчитип үйлөнөбүз деп өзүнүн үйүнө алып барган экен. Бирок Эрмектин апасы каршылыгын билдирип, Ширинди өзүнүн ата-энесине өткөрүп берген", - деп билдиришти РИИБден.