Орусиянын Москва шаарында жергиликтүү уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта болгон жана жасалма акча жасап жүрүшкөн деп 3 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва шаарында жасалма акчаларды жасап жана аны таратып жүрүшкөн деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алардын үчөөсү Кыргыз жарандары болушкан.
"1984-жылы туулган М.И., 1994-жылы туулган М.А., 1986-жылы туулган Ш.М., аттуу жарандар кармалышкан. Үчөө тең Ош шаарынын тургундары болушкан. Кармоо учурунда алардан 10 даана 5 миң рублдук жасалма акчалар табылган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта алардын бири Кыргыз жергесинде адам өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолгону, дагы бирөөсү да адам өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталып издөөдө жүргөнү айтылат.