Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 26-30-январга чейин мектеп окуучуларын кыска мөөнөттүү каникулга таратуу боюнча буйругу бардык мектеп жетекчилерине жеткирилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-январда Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тейит Райимкулов билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван районунда жайгашкан мектептерде окуучулар каникулга чыккан, мугалимдер болсо иштеп жатышат. Тийиштүү маалымат өз убагында жеткирилген.
"Кичик-Алай районунда жайгашкан Тургумбай Осмонов атындагы жатак орто мектебинде жатып окуган 20 окуучу бүгүн, 26-январда эртең мененки тамактан соң ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Кечээ мугалимдердин окуучуларды алып калганынын себеби көп окуучулар мектептен 2-5 чакырым алыстыкта жашагандыктан, алардын коопсуздугун ойлоп мектепте калтырышкан", - деп билдирди Райимкулов.
Эскерте кетсек, 26-январда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу "26-январдан баштап 30-январга чейин суукка байланыштуу өлкөдөгү бардык окуучулар каникулга таратылса, Араван районунун Кичик-Алай айылындагы Тургумбай Осмонов атындагы орто мектепте окуу жүрүп жатат" деген маалыматты жөнөткөн.