"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Айыл өкмөтү: "Мырзаке айылындагы таштанды таштоочу урна үйдүн тосмосунан 1 метр алыстыкта орнотулат"

Мырзаке айылындагы Жээнбеков көчөсүндөгү таштанды таштоочу урна үйдүн тосмосунан 1 метр алыстыкта орнотулат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүнүн башчысы Райымберди Курманкулов билдирди.

"Айылдагы тазалыкты сактоо боюнча атайын таштанды таштоочу 10 урна жасатылып, айылдын борбордук көчөлөрүнө орнотулган. Урналарды орнотуу орундары ДЭУ мекемеси менен сүйлөшүлгөн жана бардык мыйзамдардын чегинде орнотулган", - деди Курманкулов.

Таштандыларды жергиликтүү тургундар ар жуманын дүйшөмбү күндөрү чыгарып, аны атайын "Тазалык" ишканасынын унаасы жыйнап кете турганын айткан айыл башчысы төмөнкүлөргө токтолду:

"Жээнбеков көчөсүнө орнотула турган таштанды салган урна боюнча көптөгөн маселелер жаралган. Анткени Жээнбеков көчөсүндөгү №86-үйдө жашаган айым урнаны орнотууга каршы чыгып, аны коюп жаткан кызматкерлерге карата жаман сөздөрдү айткан. Бул урна негизинен тосмодон 1 метр алыстыкта орнотулмак".

Ошондой эле бул окуядан көп өтпөй "Тазалык" ишканасы урнаны бетон менен орнотууга келгенде урна ордунда жок чыгып, алар милицияга урнанын жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Ал арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүп, бир жумадан кийин урна жогоруда айтылган айымдын үйүнөн табылган. Жашоочу урна анын тосмосунун астында турушун каалабай тургандыгын, ошол себептен аны короосуна киргизип салгандыгын айтканын айылдын "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Базарбай Өсөров билдирди.

Мырзаке айылынын "Тазалык" ишканасынын башчысы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
pyeon hwa
2018-01-26 20:53:32
Мырзаке айылы каякта???жылуу го кар жок
0
OMUSHBEK
2018-01-26 21:03:01
Мырзаке, Озгондо да.
+3
Rifle_I
2018-01-26 21:06:48
Колуң сынгыр болбой, мусурду жанына чачпай салгыла да эми.
+2
Aikoo2014
2018-01-26 22:52:21
Бир метр менен 5 метрдин айырмасы эмне. Ошол эже туура эле кылган. Элдерда урнанын озуно салбай чачып кетет, андан калганын ит куш чачат. Эртен жайдын кунундо сасыйт. Башка жер жок бекен алысыраак.
+3
fanat_barsa
2018-01-27 03:20:26
Чынында 1 метр ынгайсыз болуп калат.
+1
Nevestkaa
2018-01-27 09:16:54
Кайра сүйүнгүлө Мырзакеликтер башка айылдарда мындай урна жок ар ким өзү топтоп төгөт мусорлорун.Айылда тамак аш деле төгүлбөйт да сасыгыдай,тазалык ишканасы канча күндө бир тазалап турушат урналарды?
+2
BekAmir
2018-01-27 19:01:33
Мырза-Аке айыл окмотунун башчысы кыйын адам экен. Эл учун коп жакшы иштерди жасады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан