Үй-жайсыздар баш калкалоочу жайдагы аял: "Бул жерде менин күйөөм бар, аны сүйөм, ошон үчүн үйгө барбайм"

Өткөн сутка ичинде "Тез жардам" кызматына көчөдө калган 14 адамга чакыруу түшкөн. Алардын тогузу үй-жайсыздар баш калкалоочу жайга, калганы ар кандай себептер менен ооруканага жеткирилген. Учурда Бишкек шаарында 4 үй-жайсыздар баш калкалоочу жай иштөөдө. Аталган жайда баш калкалап жаткан Наргиза аттуу айым жакшы жашоодо жашагысы келерин бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мен бул тагдырга арак ичип туш болдум. Менин кейпимди кийбегиле. Жолдошум каза болуп калгандан кийин августтан бери ушул жакта жашайм. 7-класста окуган балам бар. Өзүм кайсы жерден келгенимди айтпайм. Үйдөгүлөр мени издеп жатышат. Бул жерде менин күйөөм бар, аны сүйөм, ошону менен бактылуу болгум келет. Ошон үчүн үйгө баргым келбейт. Бул жерде тамактары жакшы, кары кишилерди да карайм. Мен деле жакшы жашоодо жашагым келет, бирок ага арак тоскоолдук кылып жатат. Аракты ичем, аракты сүйөм, арак үчүн өлөм. Акча берсең дагы арак ичем. Ооруканага барып кан тапшыргам, эч жерим оорубайт, таптазамын. Бизди кармап кеткен милиция байкенин "отметка" алганы эле болбосо калганынын баары жакшы", - деп көзүнө жаш алды Наргиза.

Белгилүү болгондой, учурда үй-жайсыздарды кабыл алуу үчүн Биринчи Май райондук администрациясына караштуу “Коломто” муниципалдык мекемеси, Ленин райондук администрациясында "Кайрымдуулук борбору" коомдук фонду иштеп, Октябрь райондук администрациясында жана Свердлов районунда убактылуу баш калкалоочу жай ачылган.

Үй-жайсыздардын өлүмү 15ке жетти. Бишкектеги баш калкалоочу жайлардын абалы кандай?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
ilgizk
2018-01-26 22:12:27
Сүйүүгө пышырып коюптурбу, жинди сууну ичкенде желмогузда сулуу көрүнүп калат..
+12
farida.kg.1991
2018-01-26 22:18:35
Аракты чайнеке кайнатып ич суйгонун менен ыссык арактан ичип отурабергиле.
+9
salimbek87.kg
2018-01-26 22:22:11
Аракты сүйбөй эле кой арак акыры жакшылык менен бүтпөйт.
+6
Aikoo2014
2018-01-26 22:49:13
Ээ Аллахым ыйман ынсап берсин. Жок эмес уулу бар экен, Аллахка шугур деп эле жашай бербейби нары. Жолдошум олду анан бул жакта жолдошум бар деп. Булар динден кабары болбогондон кийин, нике уй було дегендерденда кабары жок чыгар. Тообо кылдым!
А тиги баш калкалоочу жайда жыргатаарлык эмес экен. Эски эле имаратка от жагып биртке тамак берип коёт окшойт. Бирок кочодо тонуп калганча алкашдарга боло берет дечи.
+8
kilim
2018-01-26 22:51:14
Ич дагы ич арак тубуно жетет
+5
Baha-kyrgyz
2018-01-26 22:58:14
Терезеде 100 доллар турат го. Арак ичет да баарына эми
-3
Omurbek998
2018-01-26 23:23:40
Мен бир нерсени билем арак ичкен адам жакшы адам эмес
+5
Nurmat92
2018-01-26 23:57:51
Кой болдугула андан көрө Аллахым хидаят берип оң жолду жакшы жашоону буларга да буюрсун деп дуа кылалы
+12
bakulya2015
2018-01-27 01:01:30
Тообо кылдым
+5
Asat17
2018-01-27 08:01:44
Ушундайлардын ичкендерин атайын камап коомдук жумушга тартыш кк го
+6
vavilon.
2018-01-27 11:32:40
Ал деле ысык жанда, сүйүү керек да ага деле.
+5
barakcha
2018-01-27 11:39:50
Эх Аллахым,адашкандарды озун кечирип кайтара кор!
+6
Ermekbai
2018-01-27 12:26:44
Баарынан кызыгы терезеде 100$ туратго.
-2
guli-1980
2018-01-27 16:02:16
Суйбой сумурон кал. 7 класстагы балан каякта калды
+2
AIZAD
2018-01-27 17:11:06
Тобо!!! Кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан