Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-январдан 28-январга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун Тамчы участогунда кар көчкү түшүүcү күтүлө турганын эскертип, шашылыш билдирүү таратты. Министрлик ошондой эле унаа жолдор тайгак болорун кошумчалап, айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, министрлик буга чейин 29-январга чейин өлкөнүн аймагында аба ырайы төмөндөп, суук аба ырайы күтүлө турганын кабарлаган. Ошол себептен тоолуу райондордун ашууларынан жол жүрүүдөн, алыскы жолго чыгуудан баш тартууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан