"Vanity Fair" басылмасы ар жыл сайын Голливуддун негизги кино жылдыздарынын башын бириктирген фотосессия жасап, журналдын башкы бетине жарыялап келет. 2018-жылы журналдын бетине актёр жана актрисалардан турган 13 адам баткан. Алар Николь Кидман, Том Хэнкс, Риз Уизерспун, Опра Уинфри жана башкалар.
Бирок интернет колдонуучулар атайын жасалган фотодон өзгөчө белгини байкап калышкан. Тактап айтканда, сүрөттөн Уизерспундун 3 бутун көрүүгө болот.
Журналдын негиздөөчүлөрүнүн билдиришинче, Уизерспундун көйнөгүнүн ичи сүрөттөн бутка окшоп көрүнүп калган. Ал эми аталган фотодогу эмес, бэкстейж учурунда түшкөн Опра Уинфринин сүрөтүндө анын 3 колу бар экени байкалат.
Кызыгы буга эки жылдыз тең тамаша иретинде жооп кылышкан.
Уизерспун "менин 3 бутум бар экенин баары эле билди окшойт. Кандай болсом ошондой кабыл алгыла" десе, Опра Уинфри: "Анда менин 3 колума да каршылык жок да, ээ?" - деп тамашалаган.
Ал эми "Vanity Fair" басылмасы интернет сайтына жарыялаган бэкстейж учурундагы сүрөттү дароо өчүрүүгө жетишкен.