"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ош облустук ооруканасында өчкөн жылуулук 1 сааттан кийин калыбына келтирилген" дейт министрлик

Ош облустук ооруканасында өчкөн жылуулук 1 сааттан кийин калыбына келтирилген. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул маселе боюнча биз Ош облустук ооруканасынын жетекчилери менен сүйлөштүк. Алар чындап эле кечээ, 26-январда шаардагы жылуулук берүүдөгү авариялык абалдан улам бир саатка жакын жылуулук өчкөнүн айтышты. Бирок бир сааттан соң кайра жылуулук берилип, учурда ооруканада жылуулук кадимкидей иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, кечээ, 26-январда окурман "аба ырайы 30 градуска чейин суук болушу мүмкүн деген кабарлар айтылганы менен, Ош облустук ооруканасында жылуулук жок", - деп SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ermekbai
2018-01-27 17:15:09
Министир мырза сиз Бишкекте кабинетиңизде отуруп каяктан билесиз бир саатта калыбына келди деп. Бирөөнұн сөзүнө ишенип жалганчы болуп калыштан коркпойсузбу......
+1
Rifle_I
2018-01-27 21:10:47
Ermekbai,жалган айтып отчет бергендин башы ордунда болсо керек. Алдаса башы алынат да азыркы заманда.
-1
love_you
2018-01-27 21:51:40
Rifle_I,кайсы жерден кордуз алдпгандын башы алынганын. алдап эле атышат, жыргап элежурушот. наоборт, алдабасаибашы алынат азыркы заманда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан