Саламаттыкты сактоо министри: "Ооруканаларда жетиштүү түрдө жылуулук сакталууда"

Учурда бардык ооруканаларда жетиштүү түрдө жылуулук сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өлкөдөгү Жылуулук электр борборундагы кырдаалга карата уюшулган чукул жыйында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

"Учурда шаардагы бардык ооруканалар штаттык түрдө иштеп жатат. Ооруканаларда жылуулук жетиштүү түрдө сакталууда. Тактап айтсам, палаталардагы жылуулуктун температурасы 18-20 градусту түзөт. Азыр дарыгерлер да активдүү иштеп жатышат. Ооруканадагы адамдар үчүн тынчсыздануунун кажети жок", - деди ал.

Эске салсак, 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда өзгөчө кырдаал катталып, үйлөргө жылуулук берүү төмөндөгөнү маалым болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Дарыгер
2018-01-27 13:35:44
Эй былжырак министр ушул ооруканада жаткан бейтап жазып жатат го суук деп. Сен Бишкекте туруп эмне эле дооруйсун Ыссык деп.тун ичинде эч Кимге не байкалбай ооруканада кирип корчу.анан суйло.
+4
barakcha
2018-01-27 14:09:09
Урматтуу Т.Батыралиев.Кошоматчылыктын да чеги болот!
+3
Parish
2018-01-27 15:12:32
Бул адам эч чындыкты айтпайт экен, жалганчы,жана алдамчы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан