Бишкек ЖЭБдин кызматкери: "Авариялык абалда айрым от казандарды өчүрүп турбаса, 200-300 адамдын өмүрүн алган жарылуу орун алмак"

Бишкек ЖЭБдеги авариялык абалда айрым от казандарды өчүрүп турбаса, 200-300 адамдын өмүрүн алган жарылуу орун алып, Бишкек шаары таптакыр жылуулуксуз калуусу мүмкүн болгон. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда маалымат жыйында Бишкек ЖЭБдин автобазасынын жетекчиси Сергей Бочко билдирди.

"Эгер Бишкек ЖЭБде азыркыдай аракеттер көрүлбөсө, айрым тетиктер иштен чыгып, жарылуу орун алуусу мүмкүн болчу. Бир эле учурда ал жерде 500гө чукул адам иштейт, эгер от казандарды өчүрбөй иштете берүүнү улантса, натыйжада жүздөгөн ЖЭБдин кызматкерлеринин өлүмү менен коштолуусу толук мүмкүн болчу. Бул тууралуу эч ким ойлонгон жок, баары Бишкектин тургундары үшүп калды деп чуу түшүп жатышат. Бишкек ЖЭБ жарылса, борбор шаарыбыз бир канча күн эмес, бир канча ай жылуулуксуз калуусу мүмкүн болчу. Менин билишимче, суукка тоңуп эч ким каза болгон жок, эгер от казандар өчүрүлбөсө, жарылуу орун алып жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келмек. Жетекчибиз Нурлан Өмүркул уулунун бул кырдаалда көргөн аракеттери эң туура болгон", - дейт Сергей Бочко.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ali-han
2018-02-02 12:33:42
Түштөн кийин сүйлөбөй эле койгулачы алтындарым!
+1
altyn7711
2018-02-02 12:47:43
Ойлонуп отуруп эми бул жалганды ойлоп таптынарбы,ошол кундору жооп жок олтурдунар эле, элдин кулагына качан лапша илгенди токтотосунар
+1
Aza17
2018-02-02 13:05:06
Ээнен миллиондорду жеп койуп кылгылыкты кылып койуп дабдырабагыла. Элдин убалына калдынар жоопкерчилик алышынар к.к жумуштан кетип тим болбостон керек болсо камалышынар к.к жоопкрчилик болуш к.к жоопко тартылсын жана дагын камалсын.
-1
TalaCSKA
2018-02-02 13:05:30
Эмнеге ошондой абал келип чыкты ошону айтпайбы ? мурда ондоп тузоодон откоро электе эч ызы чуусу жок эле иштечу элего . же лиж бы жанылап жатабыз деп мурдагы качественный оборудованиенин ордуна китайский начар жабдууну кымбат баада корсотуп сатып алып салышканго менин ойумча. по-хорошему ТЭСтин иши боюнча жон эле жумуштан кетпей куноолу адамдар турмого олтурушу керек.
+2
pixduel1
2018-02-02 13:47:31
Эрте менен эле январь айында 19 адам коз жумду деп туратко! Эч ким олгон жок дептир да булар?! Кышка эрте даярдык корбойсунорбу анан эстнер ообой!
0
jbolotov
2018-02-02 15:11:29
Бул калп! Эмне учун ТЭЦтин башкы инженери себебин айтбай Автобазанын начальниги суйлоп атат? Же ТЭЦте автобаза автобус трактор жарылмак беле? Буу казандарга суу келбей калгандыктан автоматика озу очургон деп бир орусу жооп берди, андай болсо эч кандай жарылуу болбойт. Суу чыкбай калса анда буунун басымынан жарылуу болмок. ТЭЦтеда шоопурлар башкарып калганго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан