ИИМ: "Мас абалында селсаяктарды коркутуп, аны тыйган адамдарды сөккөн видеосу интернетке тараган милиция кызматкери жумуштан алынды"

Бишкекте мас абалында селсаяктарды дубалдын түбүнө тизип алып коркутуп, ортого түшүүгө аракет кылган адамдарды сөгүп жаткан видеосу интернетке тарап кеткен милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, интернетке видеосу тараган окуя 2017-жылы 29-декабрда Бишкек шаарынын Абдырахманов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал эми селсаяктарды коркутуп жаткан мас абалындагы милиция кызматкери Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкери Т.А. экени аныкталган.

"Бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада 26-январда Биринчи Май РИИБинин старшинасы Т.А. ички иштер органынан бошотулду. Ал эми анын жетекчилери ички тартиптин негизинде жазаланды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мас абалдагы милиция селсаяктарды сөгүп жатат ( Уят сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
maks1980bishkek
2018-01-27 15:47:45
кетирбей эле сөгүш берсе болмок экен
-20
aman0296
2018-01-27 16:15:23
Ырас болуптур
+10
rysik79
2018-01-27 16:27:05
Эми иче берсин аракты.
+10
Nurik1988
2018-01-27 16:31:10
Жакшы кылыптыр иштен айдап. Жатсын эми уйундо бармагын сооруп окунуп
+8
farida.kg.1991
2018-01-27 16:33:02
эх аракты ким чыгарган ким чыгарсада ошого согуш бергиле аракты ким ойлоп тапкан согуш бергиле
+16
gulmi
2018-01-27 17:05:04
Тартып алган балдар-азаматтар!Ушундай адамдардын бетин ачып,элге коргозуш керек.
+12
haydarkan
2018-01-27 23:19:09
gulmi, арак деген жакщы нерсе тууганым биринчи бутун сындырат кийин колун сындырат болбой баратса олтуруп эле койот((
-1
Janybekleilekkg
2018-01-27 18:02:53
Старшина убагында эле кетирип салбаса,офицер болгондо баарын кууратат,милицияны да уят кылат элге жаман корсотуп
+7
didu
2018-01-27 19:35:09
ошолорго кошулуп калсын
-2
amirrus
2018-01-27 22:06:18
Дагы тазалаш керек туура кылган мындайларды кучугундо жоготуш керек.Милиция озунун журум туруму менен элге улгу болуусу керек.
+2
Too-tash
2018-01-27 22:44:32
Качанга чейин элди алдайт бийлик?!! Былтыры да ушуга окшогон окуя болгон... Жазаланышы керек болгон милицияны болгону жумуштан бошотуп, арадан бир ай отпой башка отделге жумушка алышкан...


Бул милицияны жумуштан алыптыр деп суйунбой кое тургула, 1-2 айдан кийин кайра эле милиция болуп иштеп жургон болот, Бишкектин башка районунда...

Эмнеге ИИМ мындай кызматкерин жумуштан бошотуу менен маселе чечилди деп Элли алдайт?!! Эмнеге бул милиция кылмыш жообуна тартылбайт
+1
Too-tash
2018-01-27 22:48:00
Милиция таптип сакчысы дейт, милиция коомдогу тартипти козомолдоп, мыйзамга ылайык иштеши керек. Ал эми эч кайсы мыйзам биринчиден милиция кызматкери жумуш учурунда, формачан учурунда милициянын мас журуусуно уруксат берген эмес, бул нерсенин озу дисциплинардык жаза талап кылат, мисалы согуш же жумуштан бошотуу...

Ал эми селсаяктарды тизип алып коркутканы боюнча кылмыш иги ачылып, мыйзам алдында жооп бериши керек, мыйзамды сактоонун ордуна мыйзамды бузган тартип сакчысы
+2
Taalaibek.
2018-01-27 23:32:59
Бошотулгандан кийин такыр башка дагы жумуштарга алынбасын. Трудовой книжкасына мындан ары дагы милиция кызматына алынбасын деп жазылсын.
0
Дарыгер
2018-01-28 02:35:09
Ой бул калп. Башка районго убактылуу которуп турат. Кичине убакыт откондон кийин кайра эле Оз ордуна келип иштейт
+1
Akyl78.1501
2018-01-28 11:41:48
Бомждарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан