"Түндүк электр" ишканасынын директору Искендер Кадыркулов Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгынын өчүшү Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу эмес экенин билдирди.
Анын айтымында, бүгүн кечке маал Асанбай, Тунгуч, Көк-Жар кичи райондорунда электр жарыгы өчкөн.
"Тунгуч, Көк-Жар кичи райондорундагы электр жарыгынын өчүшүнө "Көк-Жар" подстанциясындагы авария себеп болду. Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча 17 бригада иштеп жатат, дагы сегизөө даяр турат. Ошондой эле Бишкектин айрым көп кабаттуу үйлөрүндө майда авариялар болууда. Ага кечки убакытта электр энергиясын көп пайдалануу себеп", - деди Кадыркулов.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Бишкек шаарында Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу, борбордогу үйлөргө да жылуулук берүүнүн температурасы төмөндөгөн. ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, жылуулук берүү системи качан калыбына келе турганы азырынча белгисиз.