АКШда сасык тумоодон каза болгон жаш балдардын саны 37ге жетти

АКШда сасык тумоодон каза болгон жаш балдардын саны 37ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сасык тумоо АКШнын 39 штатында, ал гана эмес Пуэрто-Рико аралында да кеңири жайылган. Жергиликтүү тургундардын арасынан сасык тумоого кабылгандардын саны 41,9 пайызды түзсө, каза болгондордун саны 37ге жеткен. Алардын баары жаш балдар экени аныкталган. АКШнын өкмөтүнө караштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Дэн Жернигандын билдирүүсүндө, мындай кырдаал 2014-2015-жылдары да катталган.

"2018-жылдагы сасык тумоо мындан 3-4 жыл мурунку катталган кырдаалды кайталап жаткандай. Анда жалпысынан 34 миллион адам сасык тумоого кабылса, 710 миң адам ооруканага жаткырылган", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан