Техаста түрмөдөн качкан жаран тамак-аш алып кайра кайтып келди

АКШнын Техас штатындагы Жефферсон аймагындагы Бомонт жаза өтөө жайынан качып кеткен жаран тамак-аш алып кайра түрмөгө кайтып келгенде кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү полицияга түрмөдөн бир канча адам качып чыкканы боюнча билдирүү түшкөн. Түрмөдөн качкандардын көбү жүк ташуучу унаадан товарларды алып, кайра түрмөгө кайтып келишкен. Полиция окуя болгон аймакты курчоого алган учурда бир качкын кармалган. Ал Даллас шаарында туулган баңгизатка байланыштуу мыйзамдарды бузгандыгы боюнча жаза өтөп жаткан 25 жаштагы Жошуа Хансен болгон.

Кармалган жигиттин жанынан күч органдары спорттук сумка табышкан. Укук коргоочулар сумкадан коньяк, виски, бир канча куту тамеки, бутерброд, куурулган тоок жана башка азыктарын табышкан.

Хансен кармалган соң кайра түрмөгө киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2018-01-29 09:05:24
Ыймандуурак зек го
+5
Tash-Myltyk
2018-01-29 13:48:51
Элдин баары эле сен дейсинби ?
-3
Asyl.jazi
2018-01-29 14:17:12
КРда ушундай болгондо 25 жаштагы Ж.Х. болмок
+11
ZANIA-92
2018-01-29 15:40:22
Asyl.jazi,ооба бизде атын кыскартып эле башты айлантып жазаберишетго. Буларда толук жазышат...
+7
admin_superstan
2018-01-29 15:53:32
pyeon hwa, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан