Бишкек шаарында коомдук транспорт тармагында техникалык көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу кечээ, 28-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия билдиргендей, коомдук транспортторго колдонулган күйүүчү май тоӊуп, унаалар каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлар кездешип жатат.
"Акыркы эки күндүн ичинде коомдук транспорттор эртең менен от албай, каттамга чыккан унаалардын саны кескин солгундады. Мэрия жарандардан эртеӊ мененки убакытта коомдук транспорттор менен бара турган жерин алдын ала пландап алууну өтүнөт. Ошондой эле мэрия бара турган жерге муктаждык болбосо башка убакытка жылдырууну суранат", - деп жазылат маалыматта.