Улуттук госпиталдын жылытуу системиндеги авария калыбына келе элек

28-январдан 29-январга караган түнү Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жайгашкан бөлүгүндөгү жылытуу системинде авария болгон. Адистер түнү бою иштегени менен, бирок мурдагы абал калыбына келген эмес.

"Суунун температурасынын төмөндөшү менен муз пайда боло баштагандыктан жылытуу системинен суу төгүлдү. Кийин жылуу суу жүгүртүлгөнү менен, систем калыбына келе элек. Оңдоп-түзөө иштери уланууда", - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Ал эми саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев имараттын жылуулук системинин эскилиги жеткендиктен суукту көтөрө албай жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bulak25
2018-01-29 11:10:08
биздин мамлекетибиз кичинекей шаарды толук жылытканга кучу жетпейт экенда.-15 градустан ашып кетсе эле жарылып, маселе чыгып кетет.Кудай оомииин деп жаны президент жакшы иштеп, эл койгойун чечкен призидент болсо экен. Негизинен президент жакшы киши ондонот...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан