Былтыр республикада 74 миң гектар айдоо жери пайдаланылбай калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.
“Бир Бол” фракциясынан депутат Алмасбек Акматов бул маселе боюнча ойлонуп чыгуу керектигин айтты. “Май өсүмдүктөрү аз эгилип жатыптыр. Ушуга карата сунуштарды берүү зарыл. Маселени чечүү керек. Быйыл кар аз жаады. Суу сактагычтардын абалы кандай болот? Быйыл суу жетиштүү болобу?” – деп сурады депутат.
Буга Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев жооп берди.
“Киров жана Орто-Токой суу сактагычы былтыр күзүндө оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошондуктан Киров суу сактагычында 184 миллион метр куб суу бар. Божомолдуу маалымат февраль айында чыгат. Суунун көлөмү 450 миллион метр куб болсо жетиштүү болот. Орто-Токой суу сактагычында 450-470 миллион метр куб суу болот деп күтүлүүдө”, - деди Таштаналиев.