Бишкек шаарында бир сутканын ичинде сууктан 12 адам жабыркап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, алардын баары селсаяктар болгон.
"Тез жардам" кызматына көчөдө тоңуп калган адамдар тууралуу 14 чакыруу түшкөн. Алардын экөөсү дарыгерлер барганга чейин эле каза болгон. Калган 10 адамга биринчи жардам көрсөтүлүп, үй-жайсыздар баш калкалоочу жайларга жеткирилген", - деп билдиришти министрликтен.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББинен январь айынын башынан тарта 15 адам каза болгону тууралуу кабарлашкан.