Бишкекте алдыңкы 2 күндө суук кайтпайт. Кыргызгидромет аба ырайы боюнча алдыңкы күндөргө божомол таратты

Бишкек шаарында ЖЭБден чыккан маселеден улам тургундардын үйлөрүнө жылуулук толук кандуу жете элек. Бул арада абанын температурасы алдыңкы күндөрү канча градуска чейин төмөндөй турганы боюнча Кыргызгидромет алдын ала маалымат таратты.

Бүгүн, 29-январь түнү Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -23...-25 градус, ал эми күндүзү -13...-15 градуска чейин суук болот.

Ал эми 30-январда абанын температурасы түнкүсүн -21...-23 градус, күндүзү -8...-10 градуска чейин төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 секундага чейин жетет.

Синоптиктердин алдын ала берген маалыматына таянсак, Бишкек шаарында күн 2-февралдан тарта жылый башташы күтүлүүдө. Анда эң жогорку температура күндүзү -3...+1 градуска чейин көтөрүлөт.

Өлкө боюнча бүгүнкү (29-январь) күнгө карата аба ырайы:

Чүй облусу:

Түнкүсүн -20...-25
Күндүзү -11...-16

Талас облусу:

Түнкүсүн -20...-25
Күндүзү -11...-16

Ысык-Көл облусу:

Түнкүсүн -11...-16
Күндүзү -3...-8

Нарын облусу:

Түнкүсүн -20...-25
Күндүзү -9...-14

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы бирдей болору күтүлүүдө:

Түнкүсүн -9...-14
Күндүзү -1...-6

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Omurbek998
2018-01-29 11:59:46
Неге ош менен жалалабадды бириктирип коюшат ош жылуурак келетко эки болуп жазса жакшы болмок
-13
Toktakunova22
2018-01-29 22:55:36
Omurbek998, Окудун беле мектепте же жокпу?
+2
Maero
2018-01-29 12:09:05
Казакстандагыдай суук болгондо, шорубуз катмак экен, бут Бишкекти ушук алып, мамлекеттин бечелдиги. Тоок тиягына келгенде какылыктайт болуптур да.
+4
Medina87
2018-01-29 21:49:25
Maero,
Мисалы мен Алматыда жашап, иштейм. Албетте убактылуу!!!
Азыр бизде -28,30.
Бирок, этаж уйлордо жылуулук томондомок турсун ыссыктап жатабыз. Учурдагы катуу сууктан улам ЖЭБ жылуулукту кобойтпосо азайткан жок.
Муну мене айтайын ддегеним; Кышка даярдык коргон миллиондогон $ лар кайда кетти??
Суукта кыйналган жердештериме жаным ачыйт
+8
Komrad
2018-01-29 12:24:49
Ош Жалалабаттан бийигирээк... Бирок туштугуроок, ошону менен экоо бирдей болушу муикун
-16
Azatbek83
2018-01-30 01:11:44
Komrad,Эмне деп жазганынды озун тушундунбу???
+2
Dembele84
2018-01-29 12:33:03
Кышка даярбыз деген чиновниктер эми не дейт экен?Мындай суук болушун билбеппиз деп кутулабы? )))
+11
Azatbek83
2018-01-30 01:15:27
Dembele84,Аша чыгат мен ажо болгондо мындай болбойт эле озум саясатка кайтып келип Соке досумдан местамы албасам болбойт окшойт деп!
+3
Tyty1990
2018-01-29 13:56:55
Күчүк тоңду, ит тоңду,
Түтүк тоңду, фит тоңду.
Мурун үшүп кыпкызыл,
Зыр-зыр этип тиш тоңду.

Чымыр этип бет тоңду,
Чымын жаным тез тоңду,
Чыдай албай ТЭЦ тоңду.
Жылуулугун бере албай,
Жалп деп өчүп меш тоңду.
Мештен кийин үй тоңду,
Үйдөн кийин Чүй тоңду.

Калч-калч этип бак тоңду,
Аламүдүн жак тоңду.
От өчкөндөй күлкү өчүп,
Соо да тоңду, мас тоңду.

+37
Bulak25
2018-01-29 23:25:29
Tyty1990,
акынсынго тим эле!
Ичим эзилди
+1
Muratmipa
2018-01-29 14:23:40
Кар жок эле суукко бизде кар жааса жакшы болмок
0
Jigito
2018-01-29 23:00:13
Ош Жалал абад айырмачылык бар 10 5 градускса чейин айырмаланат а Баткен аралыгы Ош менен 200 кл кандай бирдей болот? 3 айылды бириктирип койгондой болуп калыптыр
+1
B.GULNARA
2018-01-29 23:33:07
Jigito,эн туура
+1
Janylai2012
2018-01-30 04:20:11
Кыйратыпсынар.суукта дагы тонот экенбиз да.светтер слабый.козунду оорутат.а жылуулук 50%.цемент уйлор тонуп эле калды.кимге айтып арызданарынды билбейсин.баары бирдей шылтоо айтат.балалууларга кыйын болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан