Суукка байланыштуу Бишкек шаарындагы коомдук транспорт түнкү саат 11ге чейин иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы эки күндөн бери абанын температурасы кескин төмөндөгөндүгүнө байланыштуу жолго чыккан коомдук транспорттордун күйүүчү майы тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлары кездешкен. Эртең менен от албай, каттамга чыкпай калган коомдук транспорттун да саны көбөйгөн.
Ал эми бүгүн, 29-январда берилген маалымат боюнча Бишкек шаарында 93 троллейбус, 1700дөй кичи автобус жана 53 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Бул борбор калаадагы жалпы коомдук транспорттун 89 пайызын гана түзөт.
Суукка байланыштуу мэрия шаардыктарды зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоого чакырат.