Айыл чарба министри: "Быйыл былтыркыга салыштырмалуу кар 3 эсе аз жаады"

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу кар 3 эсе аз жаады. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков: "2011-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда сууну толтуруп, кийинки өкмөткө тапшырып кеткен. Кийинки келген өкмөт туура пайдаланбай кыйналганбыз. 2010-жылы суу жетпей тезек тергенге чейин барганбыз. Кургакчылык жылы болгон. Былтыркы жылдын өкмөтү сууну толтуруп кетти. Мурункудай кыйналып калбайбызбы?" - деп сурады депутат.

Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев бул боюнча божомолдуу маалымат 10-февралда чыга турганын белгиледи. Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу болжол менен суу аз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Verta-00
2018-01-29 16:38:53
Сууну толтуруп кеткен деп,тимеле чакалап толтургансып айтыптыр го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан