Муфтий Максатбек Токтомушев 28-январда өлкө аймагындагы казылар менен жолугушуп, 2018-жылы Мусулмандар дин башкармалыгы жана облустук казыяттар тарабынан аткарылчу иштер боюнча сүйлөштү. Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, муфтий никеси кыйылгандарды журналга каттоо тартибин киргизүү маселелерин тапшырма катары берип, булардын аткарылышын өз көзөмөлүнө алмакчы болду.
Муну менен катар Токтомушев жолугушууда аймактарды руханий жактан өнүктүрүүгө басым жасап, түшүндүрүү, агартуу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон алакаларды, ошондой эле ажылык сапарды жакшы уюштуруу тапшырмасын берди.
Айта кетсек, Араван районунда 1961-жылы туулган А.М. аттуу аял бир жыл мурун 16 жашка толо элек небересин турмушка бергендиги үчүн райондук сот тарабынан 2018-жылдын 11-январында 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылган. Ал эми нике кыйган молдонун кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыктан ишти Араван райондук ички иштер бөлүмү кыскарткан. Ошондой эле жабырлануучунун кайненеси 2017-жылдын 13-октябрында 4 жылга шарттуу эркинен ажыратылып, ага 2 жыл сынак мөөнөтү чектелген.