17 жашында өзүнүн ишканасын ачып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктаган Ингвар Кампрад каза болду

17 жашында өзүнүн "IKEA" ишканасын ачып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктаган Ингвар Кампрад көз жумду. Бул тууралуу маалымат ишкананын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.

"Ингвар Кампрад 27-январда жакындарынын жанында 91 жаш курагында көз жумду", - деп жазылган маалыматта.

"Биз компаниябыздын негиздөөчүсү жана эң жакшы досубуз Ингварды жоктоп жаткан учурубуз. Биз үчүн анын таштап кеткен мурасы баалуу. Ал эми анын адамдын күнүмдүк жашоосун жеңилдеткен буюмдарды ойлоп табуу боюнча идеялары бизди алдыга умтулууга үндөп, шык берип турат", - деп билдирген "IKEA" компаниясынын башчысы Жеспер Бродин.

Ингвар Кампрад 1926-жылы Швецияда жарык дүйнөгө келген. Ал 17 жашында атасынан белекке алган акчага өзүнүн алгачкы ишканасын ачып, кийинчерээк ал "IKEA" компаниясына айланган. 1988-жылдан тарта Кампрад компаниянын ишине катышкан эмес, бирок буга карабастан ал улуу кеңешчинин кызматын ээлеп турган.

"IKEA"- швециялык товар өндүрүүчү жана сатуучу компаниялардын бири. Дүйнө жүзүндөгү эмерек жана үйгө керектүү буюмдарды сатуу боюнча эң ири тармактарынын ээси. Компания 1943-жылы негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2018-01-29 15:37:19
Кимде вотсап иштебей жатат?
0
Kg.arts.
2018-01-29 16:28:09
Pandora, Сенин вотсабын иштебей жатат.
+4
asemus
2018-01-29 16:42:13
Kg.arts , олтуросун да
+2
Kuba-savai87
2018-01-29 19:29:35
Куран окуп коюш керек экен. IKEAдан бекер тамак аш жана бирден одеол алган элек ачылышы болгондо.
Бейиши болсун жаткан жери жайлуу болсун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан