Интернет сайттарда, социалдык баракчаларда спирттик ичимдиктерди жарнамалоого чектөө киргизүү сунушталды

Интернет сайттарда, социалдык баракчаларда спирттик ичимдиктерин жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленди. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Анда депутат Дастан Бекешев мындай практика коңшу өлкөлөрдө бар экенин айтып, бул чектөө маанилүү маселе экенин белгиледи.

"Спирттик ичимдиктерди өндүргөн компаниялар интернетте жарнама жасашпайт. Бизде мындай практика жок. Казакстанда, Орусияда мындай чектөө киргизген мыйзамдар бар. Телерадиолордо, башка маалымат каражаттарында чектөө болгондон кийин интернетте да чектөө болушу керек”, - деди Бекешев.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бул мыйзам кандай ишке аша турганын айтты.

"Бул мыйзамды Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ишке ашырат. Эгер сайт жергиликтүү сайт болсо, ага карата чара көрүүгө болот. Ал эми Казак же Орус жана башка өлкөдө катталган сайттар боюнча алардын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүктөрүнө чара көрүлөт. Бул мыйзам көчө жарнамаларына да тийиштүү болгондуктан, көчөдө да спирт ичимдиктерин жарнамалаган баннер жарнактарды илүүгө тыюу салынат", - деди Абакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MUHLISA
2018-01-29 19:40:46
Силерден Аллах ыраазы болсун!
Эч качан эч кимге арактын кереги жокэле , бул нерсенин айынан канчалаган үй бүлөөлөр жабыр тартып жатат.
+4
ajydaar
2018-01-29 19:58:59
Интернетке, социалдык баракчаларга чектоо киргизгенинер менен, эн кучтуу жарнама кинолордо болуп жатпайбы. Арак ичилбеген бирда кино жок.
+4
ainuraa
2018-01-29 20:53:54
ajydaar, эн туура айтасыз, кинолордо жаштарды кызыктырып арактын тур-турун рекламалашат, ыйманга чакырган кинолорду чыгарса жакшы болоор эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан