Кыздарды жеңил ойлуулукка, чет өлкөдөгү улгайган байларга турмушка чыгууга чакырган жарнамаларга тыюу салуу сунушталды

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде интернет сайттарда, социалдык тармактарда спирттик ичимдиктерин жарнамалоого чектөө киргизүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Дүйшөн Төрөкулов интернеттеги бардык жарнамаларды көзөмөлгө алууну сунуштады. Эл өкүлү акыркы убакта интернетте чектен чыккан жарнамалар берилип жатканын айтты.

“Азыр жаштар телефондо оюн же баракчаларда отурган кезде дароо жарнамалар көрсөтүлө баштайт. Ал жерде түрдүү жарнамалар берилип жатат. Кыздарды жеңил ойлуулукка чакырган, чет өлкөдөгү бай, улгайган адамдарга турмушка чыгууга чакырган абдан кооптуу жарнамалар тарап жатат. Менимче, мыйзамда ушундай жарнамаларды да жайылтууга тыюу салсак”, - деди Төрөкулов.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров жарнамаларды көзөмөлдөө жагы Монополияга каршы агенттикке тийиштүү экенин айтып, кийинки комитет жыйынында мыйзамга оңдоп-түзөөлөрдү, кошумчаларды киргизүү менен алып келүүгө убада берди.

Комитет аталган мыйзамга толуктоо киргизүү үчүн өкмөткө мүмкүнчүлүк берүүгө убакыт берип, маселени күн тартибинен алып салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
subankul
2018-01-29 17:05:11
Эң туура, колдойбуз. Кыргыз кызын өзгөлөрдөн кызганам. Бирок эркектер көп эле майдаланып кеткенбиз, моюнга алыш керек. Кыздарыбызды аздектей албай жатабыз.
+11
RusMos76
2018-01-29 17:07:12
Туура.Колдойбуз!
+4
urmat-87
2018-01-29 17:09:26
Торокулов абдан туура айтат!
+7
ajydaar
2018-01-29 17:17:42
Спирттик ичимдиктерди жарнамалоого чектоо эле киргизбестен, биротоло спирттик ичимдиктерди сатканга тыюу салган мыйзам кабыл алгыла. Неге ушул маселени которгон бир да депутат жок. Спирттин казынага тушкон пайдасынан зыяны коп экендигин билбейсинерби?
+10
Too-tash
2018-01-29 17:44:06
ajydaar, сенин оозунан пайдалуу сунуш чыкканын эми угуп жатамын... Туура айтасын, тыю салуу керек биротоло....
+5
clay
2018-01-29 20:24:22
Too-tash,Тоа адамдар өзү менен өзү суйлошп эмне эле болуп калышкан.
0
Too-tash
2018-01-29 22:01:30
clay, менде ушуга окшош ник бар эле, бирок ал ajdaaar болуучу, бул ajdaar деген ник менен байланышы жок... Ал бир диний фанат, мен болсо анти фанат...)))
-1
Too-tash
2018-01-29 17:43:10
Туура кадам...
+5
pixduel1
2018-01-29 21:25:05
Жарнаманы эле эмес озунорду да тыйгыла анда!
Озунордун аранардагы карыган акчалуулар деле жаш кыздарды эмнелер гана кылбайсынар...биринчи озунордон баштагыла!
+4
baltabaev
2018-01-30 01:07:10
pixduel1,кошулам
+1
Kaary
2018-01-30 02:51:04
Ээ Душка брат азаматсыз! Болот экен го ушундай маселеледи көтөрсө? Ойлойм акырына чыгасыз деп!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан