Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан аталган өлкөдө окуган активист студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин социалдык тармактагы баракчасына жазылды.
Билдирүүгө ылайык, жолугушууга Кореянын ар кайсы шаарларында билим алып жаткан студенттер келишкен. Элчи алардын окуусу жана жашоосу тууралуу маалыматтарды укту. Өз кезегинде студенттер Нооруз майрамына карата маданий иш-чара уюштуруу үчүн даярдыктарды жүргүзүп жатышканын айтышты.
"Элчи жаштардын бул демилгесин кубаттай турганын жана элчилик ар тараптан колдоо көрсөтөрүн убада кылды. Мындан тышкары Кылычбек Султан жаштар менен өзүнүн алдыга койгон максаттары тууралуу да ой бөлүштү. Жыйынтыгында, элчи менен студенттер жалпы максаттар үчүн тыгыз кызматташуу тууралуу бир пикирге келишти", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Кореянын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуусу өткөн.