Депутаттар 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу мыйзамын жокко чыгарууну сунуштады

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев 5-каналды парламенттик телеканалга айландыруу мыйзамын жокко чыгарууну сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору биринчи окууда социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралды.

"5-каналды парламентке алуу үчүн 2011-жылда V-чакырыштагы депутаттар тарабынан парламенттик телеканал керек деп атайын мыйзам чыгарылган. Кийин бул багытта жумушчу топ иштеп бул мыйзам иштебей турганын айтканбыз. Анткени 5 -канал дагы бир ОСООго кирет. Бул мыйзамды жоюш керек деп 2012-жылы демилге кылганбыз. Азыр абал өзгөрдү. Эми парламентте "пирамида" каналы бар. "Пирамида" ачык баарын көрсөтөт. 5-канал юридикалык статусу бар, бирок парламеттик болгон жок. Азыр 5-каналдын абалы начар. Кыргыз телекомдон карызы бар. Азыр пирамида парламенттик каналы бар. Ошондуктан 5 каналдан парламенттик деген статусту алып салсак", - деди Бекешев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев учурда аталган каналдын ири карызы бар экенин айтты.

"5-каналдын укуктук формасы жабык акционердик коом. Анда 2009-жылдан баштап бир команда иштеген. 2010-жылга карата каналдын карызы 57,6 миллион доллар болгон. Бүгүнкү күндөгү карызы 85.6 миллион долларды түзөт", - деди Алиев.

Комитет 5-каналдан баш тартуу боюнча мыйзамды биринчи окууда колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Isco23
2018-01-29 16:55:00
Молодецтер,эшик суукта талкулагыла чыкпай
0
Ysakov_Nur
2018-01-29 19:25:24
Тургундар суукка тонуп ден-соолуктарына зыян болуп жатса, жепжутаттар оздорунун сассык саясаты менен алек. НААЛАТ силерге!!!

Афганистан, Ирак, Пакистандагы сыяктуу олколордогу террористтерге сунуш кылаар элем, бейкуноо адамдардын канын токкучокту андан коро бир-эки жанкечтинерди биздин Ак уйго да жиберсенер жакшы болмок, вот ошондо точна соопко калмаксынар
+1
love_you
2018-01-30 07:41:38
Ysakov_Nur,ошенткенде баягы эле шайлоодо " жаны кадр, жаны жуздор" деп апендинин кызынча макталган эски чиновниктердин ордуна чындап иштечу, кыргыз учун куйгон таза адамдар келээр беле? а то, жаны кадр дешет, бирок, жаны эмес эле эски, бир жерди куруткан дагы бироо келет да карап турсан. же элди манкурт ойлошобу билбейм
0
MUHLISA
2018-01-29 19:56:50
Тобоо дегилечи! Жакшы ниет жарым ырыс, шүгүр кылалы. Биздин атка минерлерге да Аллах ынсап берип калаар. Бирок али да жаман эмес. Баары аста аста, негизгиси тынччылык болсун, деп чоң эне болуп койдум.
+1
NURSAPAR
2018-01-29 20:08:45
Ошооончо карыз бекен. .....
0
Jigito
2018-01-29 23:48:23
Аны бирооно туурлап жатса керек ал каарыз толонбойт жок акча 57 миллион доллар мамлекет озуно озу толой беле?
Ал шылтоо эми карап турасынар бироого сатат сатат сатат анан технично болушуп алышат бул менин жеке пикирим.
0
Jigito
2018-01-29 23:49:10
Бирок жакшы ниет кылайын
0
JaneEr
2018-01-30 00:51:27
Жакшы каналго.Жаль.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан