"SUPER.KG" порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өлүмдөн коркпогон адам барбы?" деген тема талкууга алынган.
Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:
"Адамзат пендеси түбөлүк эмес экенин, баарыбыз бир күнү бул дүйнө менен кош айтышарыбызды билем. Бирок өлүмдөн абдан корком. Өзүмдөн мурун жакындарымды жоготуп алуудан корком. Кудайдан дайыма өмүр, ден соолук сурайм".
"Жашоону ушунчалык жакшы көрөм, өлгүм келбейт. Өлүп калгандан кийин өлүмдөн коркконуң бир тыйын болсо керек".
"Бул дүйнө менен кош айтышууну бир бөлмөнүн эшигин жаап, экинчи бөлмөнүн эшигин ачып киргендей деп элестетем. Ал бөлмө биринчисинен көп деле айырмаланбаса керек. Билбейм, мен өзүмдү бардык жерде ыңгайлуу шарт түзүп алууга кудуретим жетет деп ойлойм. Эгерде бул бөлмөдө жашоо убактысы аяктап бара жатканын алдын-ала билип калсам, ал жерде калууга аракеттенбей, эшикти көздөй жакындамакмын".
"Мен өлүмдөн эмес, ага даяр болбой туруп өлүүдөн корком".
"Корксо кой өлөт, коркпосо да кой өлөт". Ошон үчүн ажалдан коркуунун кажети жок. Коркуп алтын сандыкка жашынсаң, бир күнү баары бир бул дүйнө менен коштошобуз".
"Жашоого эч качан тойбойсуң да, өлүм канчалык жакындаган сайын коркосуң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.