Юстиция министрлиги баш кошкондордун никеге туруу мөөнөтүн 30 күндөн 7 күнгө чейин кыскартууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында 1-окууда каралды.
Анда депутат Алмазбек Токторов министрликтин бул демилгесин "ала качууну мыйзамдаштыруу" деп атады.
"Сиздер бул мөөнөттүн кыскарышын коррупциялык жолдорду жоготуу үчүн сунуштап жатканыңыздарды айттыңыздар. Бирок мага бул ала качууну мыйзамдаштырууга аракет катары сезилип жатат. Бир ай - бул сыналуучу мөөнөт. Ал эми бир жума абдан кыска убакыт. Эгер 7 күндө каттоого тургузуп салса, ала качууга кабылган кыз милицияга кайрыла албайт. Ошондо коррупцияга жол ачылат", - деди Токторов.