Индонезиялык 12 жаштагы Арья Пермана аттуу өспүрүм 76 килограммга арыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Маалыматта жазылгандай, 10 жашында 200 килограммга жеткен Арья салмагынан улам ордунан кыймылдай албай, мектепке да барбай калган. Ал күн сайын жөө басуу, спорттук оюндар менен машыгып жаткандыгы жазылган. 76 килограмм салмактан арылган өспүрүмдүн абалын дарыгерлер канааттандырарлык дешкен.
Эске салсак, 2017-жылдын апрелинде ашыкча семирип кеткен Арьяга операция жасалган. Анын ашказаны кичирейтилип, аз убакыт аралыгында 20 килограмм салмак таштаган. Албетте, операциядан кийин ал диета кармаган. Ушул тапта 12 жаштагы өспүрүмдүн салмагы 120 килограммга жакын. Арьянын салмагы азайган сайын саламаттыгы жакшыра баштагандыгы белгиленген маалыматта.