Бишкекте убактылуу жылынуу пункттарына кайрылган адамдардын саны 2 миңден ашты

Бишкекте убактылуу жылынуу пункттарына кайрылган адамдардын саны 29-январь күнү кечки саат 18:00гө карата 2 миң 96 адамга жетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Убактылуу пункттар – жылыткычтар, ысык чай менен камсыздалган.

Ал эми муниципалдык кызматтардын кызматкерлери пенсия курагында жалгыз жашаган 646 адамдын абалын көрүп чыгып, аларга ысык тамак, керектүү азык-түлүктөрдү жеткиришти. Айрымдарынын үйлөрү муздак болгондуктан Күрөңкеев көчөсүндө жайгашкан Геронтологиялык "Ардагер" борборуна 42 адам жеткирилди.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан