Жылуулук жетиштүү берилбеген күндөргө жарандар жылуулукка карата төлөмдөрдөн бошотулат. Мындай чечимди бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеш жалпы жыйында кабыл алды.
Депутат Дастан Бекешев ЖЭБде авария болгон учурда жетиштүү жылуулук менен камсыздалбаган жарандарды ошол күндөргө карата жылуулукка төлөмдөрдөн бошотууну сунуштаган болчу. Бул сунушка биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев каршы экенин айтты.
Бирок депутаттар Дастан Бекешевдин бул сунушун колдошту.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.