Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу отставкага кетүү боюнча арызын жаза электигин журналисттерге билдирди.
"Мен күнөөлүү болсом кетүүгө даярмын деп айткам. Ким күнөөлүү экенин комиссия иликтейт жана кандай чара көрүү керектигин аныктайт", - деди ал.
Буга чейин 27-январда маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан Өмүркул уулу 26-январда катталган кырдаалга байланыштуу жумуштан кетүүгө даяр экенин айткан. Ошондой эле эгер бул абал үчүн кандайдыр бир чара көрүлө турган болсо, ага өз башы менен жооп бере турганын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.