Орусияда 1 килограмм 600 грамм салмактагы уникалдуу изумруд табылды. Ал Асбеста шаарына жакын жайгашкан кен казуучу жерде болгондугун чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка караганда, аталган асыл таш Орусиядагы изумруд жана берилл асыл таштарын казуучу ишкананын пайдубалында болгон. Тунук, жашыл түстөгү ташты аталган мекеменин башкы адиси байкап калган.
Асыл таштын узундугу 14 сантиметр, ал эми туурасы 7 сантиметрге жетет. Адистердин айтымында, мындай табылга 10 жылда бир болуучу көрүнүш.
Орусиянын Мамлекеттик коргоо мекемесинин кызматкерлери табылган асыл ташты түсү боюнча 2-сортко киргизген. Анын болжолдуу баасын 4 миллион рубль деп баалашкан.
Бул кен казуучу жайдан буга чейин да чоң көлөмдөгү изумруд табылган. Анын салмагы 1 килограмм 200 граммга жеткен. Баасы 1 миллион 200 миң долларды түзгөн. Асыл таш Борис Ельциндин урматына “Президент” деген атка ээ болгон.