Жалал-Абадда жер-жерлерде бригадалар уюштурулуп, энергетиктер күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу "Жалалабадэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
"Жалалабадэлектр" ачык акционердик коому аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Облус аймагында жер-жерлерде кошумча бригадалар уюштурулуп, ыкчам топ иш алып барууда. Авариялык өчүүлөр каттала турган болсо тез аранын ичинде калыбына келтирүүгө даяр. Учурда 16 бригада күнү-түнү күзөттө турат", - деп билдирет басма сөз кызматы.