Салянованын жактоочусу ооруп калгандыктан сот түштөн кийинкиге калтырылды

Бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин кароону түштөн кийин саат 14:00гө калтырды. Соттук отурум саат 10:00гө белгиленгени менен, жактоочусу Чынара Жакупбекова ооруп калгандыктан судья отурумду түштөн кийинкиге калтырып, жактоочу келбесе мамлекеттик жактоочу тартыла турганын айтты. Сот Аида Салянованын мамлекеттик жактоочуга каршылыгы эске алынбай турганын билдирди.

Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан соттук жамаатка депутат жүрөк дартынан улам ооруканада жаткандыктан отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Соттук жамаат жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, ишти 29-январь күнү улантууну чечкен.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsbegKG
2018-01-30 13:06:45
Сотторго 90% эмес 99% эл ишенбей калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан