"Талас" жана "Нарын" аэропорттору туруктуу авиакаттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-январда "Манас Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун директору Абдималик Бусурманкулов басма сөз жыйынында билдирди.
"Тилекке каршы, азыркы учурда Таласка жана Нарынга туруктуу каттамдар жок. Эгерде авиакомпаниялардын бул багыттар боюнча туруктуу аба каттамын ишке ашыруу ниети бар болсо, биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз", - деди Бусурманкулов.
Ошондой эле Бусурманкулов азыркы тапта Жалал-Абад, Баткен, Исфана, Ош шаарларына учактар каттап жатканын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:
"Азыркы тапта биздин карамагыбызда 11 аэропорт бар. Алар: "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол", "Баткен", "Исфана", "Жалал-Абад", "Кербен", "Талас", "Нарын", "Казарман" аэропорттору. "Ысык-Көл" аэропортуна каттамдар жайкы туристтик сезондо жүргүзүлөт. Ал эми башка аэропортторго буюртма бар кезде чартердик рейстер каттайт".