Транспорт министри: "Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүүгө 4 миллиард 5 миллион сом керектелет"

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2018-жылы Балыкчы-Корумду жолун оңдогонго 2 миллиард сом бөлүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

“Балыкчы-Корумду жолун оңдоп-түзөөгө жыл сайын 1 миллиард сомдон бөлүнүп бериле турган болсо, курулуш 4-5 жылга чейин созулат. Тамчыдан Балыкчыга чейин жол оңдолду. Эми Чолпон-Атанын ички бөлүгү калды. 20-февралга чейин күн жылыса ишти баштайбыз. Быйылкы жылга 1 миллиард сом каралыптыр, бирок биз 2 миллиард сом сурап жатабыз. 2 миллиард сом дагы жетишсиз. Балыкчы-Корумду жолун оңдоп аягына чыгаруу үчүн 4 миллиард 5 миллион сом керектелет”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
toktor89
2018-01-30 14:28:03
Бети килтиреп чыгыптыр. 4миллярдан жок дегенде 100,150миллион министирдин чонтогуно тушсо керек
Таза иштешсе тоз эле онуккон олколордун катарына кошулмакпыз
0
nerrazuri
2018-01-30 14:44:10
Аеропортту ондо аеропортту айнанайын. Самолетунар чуркап барып уча албай токтоп калып жатат тонуп.
0
Tyty1990
2018-01-30 15:09:13
nerrazuri,самалеттор аэропортко конуштан уялып сууга конуп жатыптыр десен.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 15:16:08
Айланайын силер эштеке кылбай эле койгулачы жарымы эле кетсе керек эптеп жеп калыштын айласын корот булар.
-2
Ysakov_Nur
2018-01-30 15:17:19
Балыкчы-Корумду жолу учун эмес, «биздин курсагыбыз учун 4 миллиард 5 миллион сом керектелет»- десенер ишенмекмин.
0
Boltbektemiroff
2018-01-30 15:36:46
4 млрд ка курула турган жолдоруна ким кепилдик берет минимум 20 жыл колдоносунар деп,акыретти да ойлосонор,бир кун бир жеринерди ушундай тешип чыгат, кантип чыкканын да билбей каласынар
+1
Isco23
2018-01-30 15:46:57
Кыйратып иштеп жаткандай сурайт го чиркин! Кыйратып жол ондогондо биз кошулат элек Халиловго. Колдоп
-1
Too-tash
2018-01-30 15:53:13
Бул жолду курууга 2 жыл илгери эле 2 миллиард сом болунбоду беле?!! Ошондо курулуп буткон эмес беле?!!

Урматтуу редакция, мумкун болсо курулуп жаткан Балыкчы Корумду жолунун узундугу канча, канча км курулуп бутту жана ага канча акча коротулду баш-аягы, курулуп буто элек болугу канча км, министр сурап жаткан 4 миллиард сомго канча км жол курулат, билип берсенер?!!

Менимче Окмот 5-10 жол курууга жетчу акчага бир эптемей жол куруп жаткан ондонот, 2-3 жылдык...
-2
gumigumi1990
2018-01-30 15:54:52
Айланайын бир былк этпей оозун ачканда эле млрд дейтко. Деги оозунар кыйшайып да калбайт
-3
pyeon hwa
2018-01-30 16:11:58
Менин долямды да кошуп койбоптур да. 1млн)
-3
Isco23
2018-01-30 18:00:24
Эмне баарыле минус. Жолдо иштегендер басып чыкканбы минусту))))
+1
tilek121277
2018-01-30 18:55:10
алкымы да чон экен го 2 миллиарддан баштаптыр го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан