Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы жок

Бишкектин айрым жерлери электр жарыгысыз калууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынын катчысы Гуля Мураталиева билдирди.

Алардын айтымында, Жылуулук электр борборунда түзүлгөн абалга байланыштуу Бишкек шаарында электр жарыгынын пайдалануусу 10 пайызга чейин көбөйгөн.

"Бишкек шаарында электр жарыгынын пайдалануусу жогорулагынына байланыштуу биздин жабдыктарга күч келип, айрым аймактарда электр жарыгы өчүп калууда", - дейт Гуля Мураталиева.

Азыркы тапта төмөнкү көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө:

Токтоналиев көчөсү, №20, 40, 42, 48, 50;

Шота Руставели көчөсү №54а;

Бөкөнбаев көчөсү №195;

Панфилов көчөсү №190, 241;

Орозбеков көчөсү №116;

3-кичи району, №1, 2, 16, 17;

4-кичи району, №14, 15а, 16;

5-кичи району, №17, 29, 32;

6-кичи району, №3, 11, 24, 25, 29;

7-кичи району, №4, 15, 17, 18, 23, 49;

8-кичи району, №5, 7, 8/1, 11, 30, 36, 38;

9-кичи району, №3, 5, 6, 6б, 36;

10-кичи району, №11, 14, 37;

11-кичи району, №1, 13, 22;

12-кичи району, №8, 46, 57;

Асанбай кичи району, №17, 21, 38, 50;

Чыгыш-5 кичи району, №3, 30;

Аламүдүн кичи району, №15, 32, 65-үйлөрдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
warrior96
2018-01-30 16:17:19
Канча жыл болду куч келгенде очурушконуно .Деги жыйынтык чыгарасынарбы жеп жутарлар дагы данк медал бергиле ччондоруна.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан